"41 жаштагы айымды тоноду" деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды
"41 жаштагы айымды тоноду" деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 41 жаштагы Элмира аттуу айым милицияга кайрылган. Анда ал Жибек Жолу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 27 жаштагы Максат аттуу тургуну кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.