super.kg logo

1-май күнү апасы таштап кеткен Махабаттын атасынын туугандары табылды

 

1-май күнү Бишкекте табылган 6 жашар кыздын атасынын туугандары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин жоголуп кеткен 6 жашар Махабатты издеп эч ким кайрылган эмес. Бүгүн анын атасынын туугандары келишти. Бирок алар эч кандай тастыктоочу документтерди алып келишкен эмес.

“Учурда Махабаттын атасы менен апасынын жүргөн жери иликтенүүдө. Ошондой эле эмне себептен наристе кыздын көчөдө калып кеткени такталууда. Учурда Махабат Бишкектеги Балдардын реабилитациялык борборунда,- деди ИИМдин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-май күнү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан кафенин кызматкери милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда ал 6-7 жашар кыз апасын издеп жүргөнүн айткан. Табылган кыздын айтуусу боюнча, аты - Махабат. Аны бул районго апасы алып келип, "кайра келем" деп кеткендигин айткан. Апасы ошол бойдон кайрылып келген эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
07.05.2014. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси кырсыктан оолак болушуп, Аллах ынсап берсин.
08.05.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым тынч эле болсунго. Чоноюп калган кызды неге таштап кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: