Бишкектеги №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбеков 4 жылга эркинен ажыратылды
Бишкектеги №1-СИЗОнун мурунку башчысы Марс Жусупбеков 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын "ВБ" жарыялады. №1-СИЗОнун мурунку оперкызматкерлери Марат Исаков менен Рыскулбек Тыныбек уулу мунапыска туш келип, бошотулуптур. Жусупбеков 10 суткадан кийин СИЗОдон алгачкы ирет өтө оор эмес кылмыш кылгандар отуруучу абакка (колония-поселение) которула турганы айтылды.
Эскерте кетсек, М.Жусупбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деп айыпталган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















