Баткен: Чек ара чатагы чыккан айылга эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келгени айтылды
Баткенде бүгүн, 7-майда чек ара чатагы чыккан Орто-Боз айылына Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти. Муну аймактагы өздүк булагыбыз билдирди. Айтымында, окуяда мылтыктын үнү угулганы менен, октон жаракат алгандар болгон жок. Эки тарап бири-бирин таш менен ургулашкан, жаракат алгандар болду. Учурда бийлик өкүлдөрү чатакты токтотуу аракеттерин көрүп жатышат.
Маалыматтарга таянсак, бүгүнкү чатак жайыт талаштан улам келип чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

