Баткендеги чатакта жаракат алгандардын бири милиция кызматкери экени айтылууда
Баткендеги чек ара жаңжалында жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн бири милиция кызматкери. Муну аймактагы өздүк булагыбыз билдирди. Айтымында, ал Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкулов.
Буга чейин Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов жаракат алган 2 адам Самаркандек медициналык борборуна жеткирилгенин айткан эле.
Эскерте кетсек, бүгүн, 7-майда жайыт талаштан улам кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

