super.kg logo
  Саясат  

Башкы врач: "Баткендеги чатакта жаракат алгандар ооруканага саат 01:40тан кийин гана келе башташты"

 
Баткендеги чек ара чатагында жаракат алгандар облустук ооруканага саат 01:40тан кийин гана келе башташты. Ага чейин тажикстандыктар жолду бууп өткөрбөй турушту. Муну бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди. Айтымында, ага чейин жаракат алгандар Самаркандектеги ооруканага жеткирилген. 
"Жолду бууп турушту (ред. тажик тарап), жаракат алгандардын бизге келишине мүмкүнчүлүк болгон жок. Бир адам гана эртерээк качып чыккан экен, бизге 21:30 чамасында жардамга кайрылды. Калгандары саат бир жарымдан кийин, тактап айтканда, 01:40тан кийин гана келе башташты. 1 адамга жардам көрсөтүлүп үйүнө чыгарылып, калган 9у жаткырылды",- деди башкы врач. 
Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкулов башынан жаракат алганын кошумчалады дарыгер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: