Ош облусунда селдин кесепетинен буулган унаа жолу толук тазаланып ачылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрүп, 1 турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Кызыл-Туу айылында кечээ, 7-май күнү саат 17:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 31-35-чакырымдарында көлөмү болжол менен 3680 метр куб шагыл жолду тосуп калган. Мындан улам унаа жолу убактылуу жабылган. Аны тазалоо иштерине 1 атайын техника тартылып, бүгүн саат 08:30да жол толугу менен ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.