super.kg logo
  Саясат  

"Баткендеги чатак - жабылган кыргыз-тажик чек арасын ачып салганыбыздын жыйынтыгы" дешти депутаттар

 
"Баткендеги 7-майдагы чатак - мурда жабылган кыргыз-тажик чек арасын ачып салганыбыздын жыйынтыгы". Муну парламенттин 8-майдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев айтып чыкты. "Мурда чек ара жабылган эле. Жергиликтүү тургундар чек ара маселеси чечилмейинче өткөрүү пункттары ачылбашын талап кылышкан. Бирок айрым адамдардын бизнеси үчүн чек аралар ачылган, жыйынтыгы ушул окуяга алып келди",- дейт депутат. 
Жыйында депутат Назарали Арипов менен Жусупали Исаев кайым айтышты. Арипов: "Сүйлөгөндө пахта койгонду токтотуңуз. Баткендеги чатакта унааларды, май куюучу жайды кыргыздар өздөрү өрттөп салган жок. Кыргыздар бири-бирин сабап, ооруканага жаткан жок. Түз сүйлөңүз, сизди эл шайлаган",- деди.
Буга Исаев: "Мен сиздей болуп пахта койгон эмесмин. Мен жарандар бири-бирине ок атышкан жок деп жатам. Башка окуялар болгон. Эгер ок атышуу менен башка окуялардын айырмасын билбесеңиз, трибунага чыкпаңыз",- деп жооп берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: