super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: "Өзбекстанда 40 кыргызстандык жаран барымтада болушу мүмкүн деген маалымат чындыкка жатпайт"

 

ИИМ “40 кыргызстандык, алардын ичинде аялдар, балдар дайынсыз, алар Өзбекстанда барымтада болушу мүмкүн” деген маалыматты жокко чыгарды. Айрым басылмалар аркылуу кечээ, 8-январда айылдык депутат тарабынан “Баткен облустук ИИББге, губернаторго арыз менен дайынсыз жарандардын жакындары кайрылышты” деген маалымат таратылган болчу. Баткен облустук ИИББи аймакта абал туруктуу экендигин, эч кандай “дайынсыз” болгон кишилердин жакындарынан арыз түшпөгөндүгүн билдиришкен. Ал эми Баткен облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев бул кандайдыр провокация экендигин маалымдады. “Биз бул маалыматтын булагын текшерип, тактайбыз”,- дейт басма сөз катчысы. Эске салсак, 5-январда чек арадагы Чарбак айылына Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары кирип келип, кыргызстандыктарды барымтага алып кетип, Сох анклавы аркылуу келаткан автоунааларды жүргүнчүлөрү менен кармап калышкан. Жалпы 36 кыргызстандык 7-январь күнү барымтадан бошотулуп, айрымдары ооруканага жаткырылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: