ПСЖ футболдук клубу Франциянын чемпиондугун кайрадан утуп алды
ПСЖ өткөн жылы да өлкө чемпиону аталган.


ПСЖ өткөн жылы да өлкө чемпиону аталган.

ПСЖ футболдук клубу мөөнөтүнөн мурун Франциянын чемпиону аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-майда Франциянын футбол боюнча биринчилигинин (Лига 1) 36-тур оюндары орун алды. Анда ПСЖ өз үйүндө “Ренн” клубуна 1:2 эсебинде утулуп калды. Бирок бул жеңилүүгө карабай клуб топтогон 83 упайы менен чемпион аталды. 76 упай топтоп, 2-орунда келе жаткан “Монако” клубу 36-тур оюндарынын алкагында “Генгам” менен тең чыкты (1:1).
Париж шаарынын командасы ушуну менен өз тарыхында төртүнчү ирет өлкө чемпиону аталды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Topcubai

08.05.2014. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.