super.kg logo
  Саясат  

Абдулда Суранчиев, ички иштер министри: “Баткендеги чатакты тажик тарап атайын уюштургандай”

 

Баткендеги 7-майдагы чатакты тажик тарап атайын уюштурган деген божомол бар. Муну Жогорку Кеңештин 8-майдагы жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиев билдирди. Министр окуяны төмөнкүдөй түшүндүрдү:

“7-майда кыргызстандык жаран Данияр Сулайманов унаасына тажик аялды салып алып айткан жерине жеткирүү үчүн бара жаткан. Токтогон учурда тажик тараптын чек арачысы тийишет, уруп жиберет. Сулайманов унаасы менен качкан. Бирок аны ары жактан 15-20дай тажик жараны күтүп турган. Анан кыргыздар чогулат. Түндө кыргыз тараптан 500дөй, тажик тараптан 150дөй адам чогулду. Тажикстандыктар Көк-Терек айылындагы 2 оор жүк ташуучу унааны, унаага май куюучу жайды өрттөп жиберишти. Түнү менен биз жакшы иш кылдык. Алардын ОИИБисинин башчысы келди. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Тажик жетекчилиги чыгымды төлөп беребиз дептир. Учурда кырдаал туруктуу. Тажик тарапта топтолгондор жок. Биз тарапта күч жетиштүү, жайгаштырылган. Чек арачылар менен чогуу карап жатабыз. Бул атайын даярдалган конфликт деп жатабыз. Анткени айдоочу унаасы менен качканда аны алдынан топтолгон тажик жарандары тосуп турушкан”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: