Бишкекте “28 жаштагы айымды тоногон” деп шектелип 26 жаштагы жаран кармалды
Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери тарабынан “28 жаштагы айымды тоногон” деп шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 28 жаштагы Айнагүл аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун жана акчасын тартып алганы туурасында айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.