super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Абдырахман Маматалиев митингге чыккан тургундар менен жолугушуудан кийин облустагы күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрөт

 

Бүгүн, 8-майда КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Баткен облусуна барды. Азыркы тапта вице-премьер-министр Баткен шаарында митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. 

Андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасына барат. Ошондой эле Баткен облусу боюнча күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрүп, чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөө маселеси, облустагы коомдук-саясий кырдаал талкууга алынат. 

Мындан сырткары Зардалы айылындагы жарылуу жана үйлөрдүн өрттөлүшү, малдардын уурдалышы каралат. Эртең, 9-майда вице-премьер-министр Жеңиш күнүнө карата иш-чарага катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: