Бишкекте укук коргоо органдары согуштун жана эмгектин ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты









Борбор калаада бүгүн, 8-майда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Бишкек ШИИББинин жетекчилиги, Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, согуш жана оорук ардагерлери катышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрайымы Кожобекова Зулайка: "Сиздер өз колуңуздар менен фронтто согушуп, оорукта эмгектенип, бизге улуу жеңишти алып келдиңиздер. Азыркы тынчтык, бейпилдик жашоону тартуу кылган ардагерлер дайыма эсибизде, биз алар менен сыймыктанабыз",- деди. Иш-чарага катышкан ар бир ардагерге майрамдык белектер тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.