Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейтке машыгуу сборуна учуп кетти
Курама команданын АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычына чыгуусуна эң чоң салымын кошкон Дэвид Тетте...


Курама команданын АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычына чыгуусуна эң чоң салымын кошкон Дэвид Тетте...

Курама команданын алдыңкы чабуулчуларынын бири Мирлан Мурзаевдин жаракат алганына байланыштуу анын орду "Алайдын" чабуулчусу Владимир Веревкин менен толукталды.



Бүгүн, 8-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун алдында акыркы машыгуу сборун өткөрүү үчүн Кувейтке учуп кетти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, курама команда алгач Алматыга барып, анан Кувейтке учту. Машыгуу сборунун алкагында кыргызстандык футболчулар 2 жолдоштук оюн өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы 19-майда Мальдив аралдарында старт алат. Мелдеште 8 команда төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Кыргызстан тайпалык баскычта Мальдив аралдарынын курама командасы жана Палестина, Мьянма курама командалары менен ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.