super.kg logo
  Саясат  

Мурда жабылган кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча 2 депутаттан сунуш болгону айтылды

 
Мурда жабылган кыргыз-тажик чек арасы эмне үчүн ачылганына ЖКнын 8-майдагы жыйынында өкмөт мүчөлөрү жооп беришкен жок. Муну депутат Курмантай Абдиев билдирди. Айтымында, чек араны ачуу боюнча айрым депутаттардан сунуш түшкөн, бирок өкмөт мүчөлөрү алардын аты-жөнүн атаган жок. 
Депутат мурунку чатакта “чек ара көйгөйү чечилмейинче ачпайбыз” деп жабылган кыргыз-тажик чек ара бекеттерин Кыргызстан эмне үчүн ачканына жооп издөө зарыл. "Чек ара маселеси чечилмейинче өткөрүү бекеттери ачылбасын" деген да элдин талабы болчу. Ал тургай Бишкекке Тажикстандын министри келгенде да “чек араны ачпайбыз” деп жолго салганбыз. Кийин алар суранбаса деле өзүбүз өткөрүү бекеттерин ачтык”,- дейт Абдиев. 
Айта кетсек, Баткенде 7-майда болгон окуя парламентте бүгүн жабык эшик артында каралды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: