Эльвира Сариева кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга өз учурунда жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди
Бүгүн, 8-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатактан улам КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев менен жолугушту.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Марат Калиев эки өлкөнүн жергиликтүү тургундарынын ортосунда чыккан жаңжалдан улам 14 адам жаракат алганы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле 5 бейтапка амбулатордук жардам берилип, 9 адам облустук ооруканага жаткырылганын айтты.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркаган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүп, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

