Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткенде туткунда калды

Баткенге барган чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев туткунда калды (сүрөттө). Муну бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова кабарлады. Айтымында, министр ушу тапта Орто-Боз айылында туткунда.
Автор: Автандил Добулбеков
"Маматалиев кечээги жаңжалда талкаланган үйдүн абалын көргөнү келген. Бирок жашоочулар аны ошол үйдүн ичине камап, чыгарбай жатышат. Эл чек ара көйгөйүн чечүү үчүн Мамат Айбалаевди Баткен облусунун губернатору кылып дайындоону талап кылууда. Ушу тапта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат",- деди Юсупова.
Маалыматка таянсак, учурда аталган айылда миңдей адам топтолуп турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
4

