super.kg logo
  Саясат  

КТРКнын журналисттерин токмоктоо фактысы боюнча ЖКнын экс-депутатынын уулу Айдин Кулбаев кармалып, камакка алынды

 

КТРКнын 2 журналистин сабаган деген шек менен 1983-жылы туулган Айдин Кулбаев аттуу жаран 8-январда кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, ЖКнын экс-депутаты Абдраим Кулбаевдин уулу жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аида Кулбаеванын бир тууган иниси экени белгилүү болду. Эске салсак, 7-январда Бишкектин "Ататүрк" сейил багынын аймагындагы Малдыбаев №16-үйүнүн жанынан эфирге сюжет даярдап жүргөн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо" маалымат программасынын журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова белгисиз адам тарабынан токмоктолгон болчу. Журналисттер аталган сейил бактын аймагындагы элиталык үйлөрдөгү электр энергиясын мыйзамсыз пайдалануу иштери боюнча эфирдик материал даярдап жүрүшкөн.  

1. Ширин Асанакунова 






КТРКнын кабарчыларын сабап кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: