Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Баткендеги чатакка байланыштуу Тажикстанга расмий нота жиберди
Кечээ, 7-майда Баткендеги жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов менен жолугушуп, ага расмий нотасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын аймагында тажик жарандарынын мыйзамга каршы иш-аракеттерине тынчсыздануусун билдирди. Ал эми кыргыз жарандарына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу менен күнөөлүүлөрдү аныктоо жана жазалоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

