super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Ардагерлердин бактылуу карылыгы үчүн кам көрүү зарыл"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин кабыл алып, 9-Май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. 

А.Жээнбеков согуш ардагерлеринин эрдигине токтолуп, алардын дүйнөдө тынчтыктын сакталышында зор роль ойногонун белгиледи. "Сиздер жеңиш үчүн кан-жаныңарды аябай күрөшкөнүңүздөрдү ар бир кыргызстандык билиши керек. Азыркы муун сиздердин каармандыгыңыздарды баалашы абзел. Сиздер акыйкаттык тарапта болуп, адилеттүү келечек жана дүйнө жүзүндө тынчтык сакталышы үчүн күрөштүңүздөр. Сиздерге баш ийип таазим кылабыз, ал эми мекенибиздин эркиндиги үчүн жанын бергендерди эскеребиз. Биздин негизги милдет – согуш ардагерлеринин татыктуу жашоосу, бактылуу карылыгы үчүн кам көрүү",- деди спикер.

"Соңунда ардагерлерге төраганын резервдик фондунан акчалай жардам көрсөтүлүп, эстеликке сүрөткө түшүштү" деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: