super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Орусиянын президенти менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытын талкуулады

 
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 8-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчылары биргеликте ишке ашыра турган долбоорлорду талкууга алышты. 
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш алып баруу (ЖККУ) менен чектелбей, соода-экономикалык тармак да өнүгүп жатканын белгилеп өттү. 
Ошондой эле товар алмашууда Орусия Кыргызстан үчүн алдынкы орунда келе жатканы жакшы жышаан экенин айтып: “Товар алмашуунун 28 пайыз болушу жакшы көрсөткүч, бизде биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор бар. Албетте, силер менен интеграциялык процесстердин алкагында, анын ичинде Бажы биримдиги боюнча пландарды талкуулайбыз”,- деди. 
Өз кезегинде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканын баса белгилеп өттү. "Акыркы убакта кызматташтыктын жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын байкоого болот. Биргелешкен долбоорлордун өз учурунда ишке ашарына ишенем",- деди Атамбаев. Мамлекет башчылары бири-бирин 9-Май - Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: