Улуу Жеңиш күнүнө карата уюшулган көк бөрү мелдешинин финалында “Бөрүлү” менен “Талас” беттешет
Улуу Жеңиш күнүнө карата уюшулган көк бөрү мелдешинин финалында “Бөрүлү” менен “Талас” командалары беттешет. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча борбордон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 6 команда катышкан мелдеште өз тайпаларында жеңүүчү аталган бул командалардын ортосундагы финалдык беттеш бүгүн, 9-майда “Аккула” ат майданында өтөт. 2 тайпада топтогон упайлардын жыйынтыгында 2-орунду ээлеген “ГУВД” жана “Суусамыр” командалары 3-орун үчүн оюн өткөрүшөт.Кошумчалай кетсек, 3-орун үчүн болгон оюн саат 9:30га
белгиленген. Ал эми финалдык беттешке ат чабыштан кийин орун берилет
(уюштуруучулардын айтымында, болжол менен саат 13:00дө).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.