super.kg logo
  Саясат  

Юлия Тимошенко премьер-министрлик сунуштан баш тартты

 

Украинанын президенттигине талапкер Пётр Порошенко “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенкого президенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт менен бирге иштешүүнү сунуш кылды. Бирок Тимошенко сунуштан баш тартты.   

Бул тууралуу Порошенконун ишенимдүү өкүлү Юрий Луценко бүгүн, 9-майда Киев ММКларына билдирди. “Батькивщина” партиясына премьер-министрлик кызмат боюнча макулдашуу сунушталды. Тилекке каршы, сунуш четке кагылды”,- дейт Луценко. Анын айтымында, бул “Батькивщина” партиясынын туура эмес чечими болду. 

“Украина мамлекети жашап кетүү үчүн бул нерсе зарыл болчу. Ошондой эле демократиялык күчтөрдүн лидерлери ич ара согушту токтотушу керек”,- деп кошумчалады ал. 
Айта кетсек, Юлия Тимошенко 2014-жылдын 25-майында өтө турган президенттик шайлоого талапкер. Ал 2007-жылдан тартып 2010-жылга чейин Украинанын өкмөт башчысы болуп иштеген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: