Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Баткенде селдин ортосунда калган жарандар куткарылды




Баткен облусунда сел алып кеткен унаадагы адамдар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Баткен облусунун Лейлек районунда 8-май күнү саат 18:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Исфана сайынан сел келген учурда селдин ортосунда Ауди-80 үлгүсүндөгү жеңил унаада 4 адам калып калган.
Куткаруучулар, чек ара кызматкерлери, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тарабынан унаадагы Давран Хайдаров, Зулайка Хайдарова, Абадат Хабирова, Саипжан Турдубаев өз убагында куткарылып, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Баткенде селдин ортосунда калган жарандар куткарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Окуя тууралуу төмөнкү шилтеме менен өтүп биле аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/64265/