super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтүп жатат

 
"Республика" фракциясынан ЖКнын депутаты Назарали Арипов мелдештин ачылышында сөз сүйлөдү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев спортчуларга ийгилик каалап, элди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
Мелдештин ачылыш аземинде атайын парад болду.
Мелдештин ачылыш аземинде спортчулардын катышуусунда парад болду.
Кыргыз күрөшүн көрүү үчүн келгендердин басымдуу бөлүгүн аксакалдар түзөт.
Ачылыш аземинде ырга да кезек берилди.
Самат Садыковдун жаркын элесине арналган мелдеш 2003-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.
Балбандар 2 килемде күрөш жүргүзүп жатышат.
Кыргыз күрөшүн көрүү үчүн келгендердин басымдуу бөлүгүн аксакалдар түзөт.
Башка күрөш түрлөрүндөгүдөй эле күрөштүн бул түрүндө да салмак чоң мааниге экенин беттештер айтып турат.

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата кыргыз күрөшү боюнча Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Самат Садыковдун жаркын элесине арналган мелдеш старт алды.

Уюштуруу тобунун өкүлдөрү SUPER.KG порталына билдиришкендей, мелдешке 298 балбан катышып баштаган. Тандоо турунун жыйынтыгында бүгүн, 9-майда финалдык беттештер орун алууда. Анда балбандар жеңил салмак категориясында (55 килограммдан 75 килограммга чейинки балбандар), орто салмакта (76-90 кг) жана оор салмакта (90 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашышат. Жеңиш ээлери 100 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушат.    

Кошумчалай кетсек, мелдешти КРнын Улуттук классикалык күрөш федерациясы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштуруп жатат. Демөөрчүлүктү Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтү колго алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.05.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эмес Лейлек курошу болуп жатат го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: