super.kg logo
  Спорт  

Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата уюшулган көк бөрү боюнча мелдеште “Суусамыр” командасы 3-орунду ээледи

 

Бүгүн, 9-майда “Аккула” ат майданында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктоочу күнү өтүп жатат. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев SUPER.KG порталына кабарлагандай, 3-орун үчүн болгон оюнда Бишкектин “ГУВД” командасы Чүй облусунун “Суусамыр” командасы менен беттешти. Жыйынтыганда “суусамырлыктар” 5:0 эсебинде утуп, 3-орунду ээлешти.

Кошумчалай кетсек, 3-орун үчүн каралган акчалай сыйлыктын суммасы 75 000 сомду түзөт. Ал эми финалда “Бөрүлү” жана “Талас” командалары кез келет. 1-орун ээлери 250 000 сом менен сыйланса, 2-орун ээлери 125 000 сомго ээ болмокчу.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: