super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева Ош шаарындагы согуш ардагерлерин куттуктады

 

Бүгүн, 9-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ош облусуна жасаган иш сапарында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сариева ардагерлерди майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узак жашоо каалады жана ардагерлердин эрдиги муундан-муунга эстелик катары кала берерин белгиледи.

Учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын мисалында тынчтыктын маанисинин жогору экенин баалашыбыз керек. Биздин келечекти камсыз кылган аталарыбызга таазим этүүгө милдеттүүбүз”,- деп белгиледи вице-премьер.

Андан соң Эльвира Сариева Ош шаарында жашаган айрым ардагерлердин үйүнө барып, аларга акчалай белек тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: