super.kg logo
  Саясат  

Баткенде коомдук-саясий абал туруктуу. Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачылды

 

Баткенде коомдук-саясий абал туруктуу. Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачылды. Бул тууралуу 9-майда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, бүгүн саат 13:35те Баткен районунун Көк-Таш айылында болжол менен 120-130га жакын тургун менен жыйын өткөрүлгөн. 

"Жыйындын соңунда КРнын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов баш болгон жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин эл менен жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Исфана-Баткен автоунаа жолу ачылды. Саат 13:45те  Көк-Таш айылында автоунаа каттамдары жандандырылып, чогулган эл толугу менен тарап кетти" деп айтылат маалыматта.

Аталган айылда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдер арасында чагымчылдыкка жол бербөө боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тарипте кызмат өтөшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: