super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте биринчи жолу кыз-келиндер арасында волейбол боюнча эл аралык чемпиондук өтөт

 
Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Сарайында 23-27-январь күндөрү биринчи жолу волейбол боюнча аялдар арасында чемпиондук өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев билдирди. Анын айтымында, аталган чемпиондукта өлкөнүн аймактарынан келген “Алай-Датка”, “Улар”, “КРСУ” жана “Салам-Алик” кыз-келиндер командалары күч сынашат. Ошондой эле мелдешке Орусиянын Ханты-Мансийский автономдук облусунан келген курама команда жана Казакстандын “Жаштык”, “Спартак-АНТ” командалары да катышмакчы. "Негизги максат - Кыргызстандын спортчуларын Орто Азия чемпиондуктарына алып чыгуу. Бул таймашта жеңүүчү болгон команда апрель айында өтүүчү Түрк дүйнө эл аралык мелдешине жолдомо алат",- деди Сарбагышев.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: