super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөн мелдеште 3 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды (фоторепортаж)

 
Нурбек Кожобеков атаандашы Нурагазы Тойчиевден жеңилип калды. Финалга чейин Н.Кожобеков мыкты беттештерди тартуулап келген.
Балбандар белгилүү бир убакытта жеңүүчүнү аныктай алышпаса, курларды кыстартып, күрөш уланып жатты.
Балбандар белгилүү бир убакытта жеңүүчүнү аныктай алышпаса, курларды кыстартып, күрөш уланып жатты.
Бактияр Токторов баштаган "Биз" тобунун аскердик унаа менен келгени эл үчүн күтүүсүз болду. Муну эл катуу кол чабуу менен кабыл алды.
Балбандарга бөлүнгөн убакыт жыйынтыкталганда жеңүүчү чүчү кулактын негизинде аныкталып жатты.
Балбандарга бөлүнгөн убакыт жыйынтыкталганда жеңүүчү чүчү кулактын негизинде аныкталып жатты.
Кыргыз күрөшүндө калыстар күрөштүн башка түрлөрүндөгүдөй көп кыймылдабайт. Себеби бул жерде балбандар көпчүлүк убакытты кармашкан абалда өткөрүшөт. Балбандын жыгылганы да көз ирмем убакытта катталат.
Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Демөөрчүлөр ортого 300 доллар өлчөмүндө каражат сайып, каалоочулар арасында да жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Калыстар өз иштерин баштан-аяк мыкты алып барышты. Калыстарга нааразычылык дээрлик болгон жок.
Жеңил салмактагы жеңүүчүлөр сыйлык алып жатышат.
Орто салмакта 2-орунду ээлеп калган Нурбек Кожобековго спорт ишмерлери сыйлык тапшырып жатып, спортто жеңилүү сөзсүз болуп турарын айтышты.
Орто салмакта алдыга озуп чыгып, байгелүү орундарга илинген 4 балбан.
Оор салмакта Эмил Кудайбердиевге эч ким тең келе алган жок.
Оор салмактагы балбандардын сыйлыктары да салмактуу болду.

Бүгүн, 9-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата өткөн кыргыз күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, 3 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды.

Күндүн башкы жаңылыгы акыркы кездерде жеңишти эч кимге бербей келе жаткан балбан, “Казань-2013” Универсиадасынын чемпиону Нурбек Кожобековдун орто салмакта финалда жеңилгени болду.  

Жеңил салмак категориясында (55 килограммдан 75 килограммга чейинки салмактагы балбандар)

1-орун. Аллакулов Жаныбек

2-орун. Кудайбердиев Эсенбек

3-орун. Мурзабеков Элдос

4-орун. Туратов Жылдызбек

Орто салмакта (76 килограмм салмактан 90 килограммга чейинкилер)

1-орун. Тойчиев Нургазы

2-орун. Кожобеков Нурбек

3-орун. Разыков Адылбек

4-орун. Садыков Орозали

Оор салмакта (91 килограммдан жогорку салмакта)

1-орун. Кудайбердиев Эмил

2-орун. Халматов Асылбек

3-орун. Жоробеков Эмил

4-орун. Масаидов Шерали

Жеңиш ээлери 100 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Мелдешти КРнын Улуттук классикалык күрөш федерациясы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштуруп жатат. Демөөрчүлүктү Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтү колго алган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.05.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курош жакшы отуптур
09.05.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа жакшы отуптур бирок Москвада болдбогону чатак болдуда,
10.05.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barakelde Asyke
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: