Борбор шаарда 17 жаштагы жигиттерден турган кылмыштуу топтор колго түштү
Бишкек шаарында каракчылык кылмышына шектелип 2 кылмыштуу топ кармалды. Муну бүгүн, 10-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Милицияга шаардын 41 жаштагы тургуну Т.Ольга кайрылып, белгисиз бирөөлөр 17 жаштагы уулу Т.Артёмду коркутуп 4000 сомдук күмүш шакегин тартып алышканын айткан. Окуя Целинная - Ш.Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милиция ыкчам чара көрүп, 17 жаштагы А.Урмат менен К.Айказы кылмышка шектелип кармалышты. Шектүүлөр Ленин РИИБине жеткирилип, тергөө башталды.
Бишкекте "бирөөнүн кол сааты менен уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелип 17 жаштагы Д.Данияр, Г.Максим жана Б.Азиз кармалганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
kama_future_millioner

10.05.2014. 17:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштар кайсы жолго карап кеттат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.