super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-майда банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Банк системинин урматтуу кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Эгемендүү Кыргызстандын банк системи өлкө менен бирге калыптанып келе жатат. Өнүккөн финансылык-кредиттик систем – экономиканын өсүшүнүн негизи. Жаңы ишканаларды, жумушчу орундарды ачууга, эл аралык рынокто атаандашууга жөндөмдүү, сапаттуу продукция чыгарууга шарт түзөт. Банк системинин туруктуулугу улуттук валютанын стабилдүүлүгүн камсыз кылып, акча-кредиттик туура саясат жүргүзүүгө көмөктөшөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жакшы иштеп жаткан финансылык мекемелер аз эмес. Акыркы жылдары алардын капиталы жана депозиттик базасы өсүп жаткандыгы байкалууда. Жетишилген ийгиликтер – сиздердин ишиңиздердин, банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы. Бир топ иштер жасалды, бирок аткарыла турган иштер али да көп. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында калкка жана өлкөнүн ишкерлерине финансылык ресурстардын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу боюнча банк системине так милдеттер коюлган. Биз мүмкүн болчу экономикалык түрдүү жагдайларга даяр туруп, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жөндөмдүү болууга милдеттүүбүз. Кесиптик майрамыңыздарда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: