Тайырбек Сарпашев "өлкөдө ундун баасынын көтөрүлүшү күтүлгөн жок" деди
Кыргызстанда ундун баасынын көтөрүлүшү күтүлгөн жок. Муну бүгүн, 10-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдирди.
"Болжол менен 1,5 айдан кийин жаңы түшүм жыйнала баштайт. Жыйнала турган түшүмдүн көлөмү боюнча эч нерсе дей албайм. Бул нерсе июнь айынын башында билинет. Жамгыр канчалык көп болсо, түшүмдүн көлөмү ошончолук өсөт",- деди Сарпашев.
Айта кетсек, Сарпашев бүгүн Чүйдөгү помидор өстүргөн күнөскананын бет ачарына катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

