super.kg logo

Базар-Коргон районунда жоголгон 6 жашар баланын жансыз денеси суудан табылды

 

10-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Шайдан участкасында 6 жашар Айтинур Бекжанов жоголуп, бир күндөн кийин жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.

Белгилүү болгондой, Нургазы Бадалбаев 10-май күнү саат 15:00 чамасында бир туугандары менен эс алганы Кеңеш айыл аймагынын Шайдан участкасына барышкан. Ошол жактан 6 жаштагы баласы Айтинур Бекжанов жоголуп кеткен. Телефон байланышы жок болгондуктан, өздөрүнүн күчү менен 11-майда саат 01:00гө чейин издешип, караңгы кирип кеткенде таппай келе беришкен. Таң атканда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө кабар беришкен. Райондук ички иштер бөлүмү 07:35те ӨКМнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кайрылышкан. Андан соң куткаруучулар тарабынан жоголгон баланын туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 12:00 чамасында Шайдан-Сай суусунан Айтинур Бекжановдун жансыз денеси табылып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.05.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойноп кетип, сууга түшүп кеткен экен да байкуш бала, периште бойдон кетиптир да. Ата-энесине сабыр берсин, апасынын абалы сөз менен айткыс да учурда.
12.05.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей кечээ эле ойноп жургон баласын бугун жоготуп койгону жан чыдагыс арман болуптур да.Ата-энесине сабыр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: