Ош шаарында 2 жаңы троллейбус иштеп баштады

8-январда Ош шаарында 2 жаңы троллейбустун ишке берилишине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага катышкан мэр Мелис Мырзакматов "бул троллейбустар 5-октябрда келиши керек болчу. Бирок алып келүүдөгү көйгөйлөргө байланыштуу кечигип калды. Бул муниципалдык автоунааларды өнүктүрүүгө карата ташталган алгачкы кадам. Калктын санынын өсүшүнө ылайык, жыл сайын троллейбустарды алып келүүнү улантабыз" деп билдирди. Ош шаардык мэриясы билдиргендей, Орусиядан заводдон чыгарылган бул жаңы троллейбустардын баасы 13 миллион сомдү түздү.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
1

