2014-жылдын алгачкы 3 айында Чүй облусу боюнча капиталдык салымдардын көлөмү 4,2 миллиард сомду түзгөн
2014-жылдын алгачкы 3 айынын көрсөткүчүнө карата чыгарылган жыйынтыкка ылайык, Чүй облусу боюнча капиталдык салымдардын көлөмү 4 миллиард 37 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин 2014-жылдын алгачкы 3 айына карата жүргүзгөн анализинин жыйынтыгында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу 3 эсеге көп. Көрсөткүч өнөр жайды кайра иштетүүчү ишканаларынын эсебинен артып жатат. 3 ай аралыгында негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү (чет жактан келген кредиттерден каржыланат) 2 миллиард 729 миллион сомду түзгөн. Түз инвестициянын көлөмү 764,2 миллион сомго барабар. Мекемелердин, уюмдардын эсебинен 379,8 миллион сом каражат түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

