super.kg logo
  Спорт  

“Манчестер Сити” клубу Англия Премьер-лигасын утуп алды

 

Англиялык “Манчестер Сити” футболдук клубу Англия Премьер-лигасын утуп алды. Бул тууралуу аталган лиганын кечээ, 11-майда өткөн 38-тур оюндарынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Чемпиондук күрөш акыркы турга чейин жүрүп, “Манчестер Сити” чечүүчү оюнда өз үйүндө “Вест Хэм” клубун 2:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен чемпиондор топтогон упайларынын санын 86га жеткирди. Манчестер шаарынын атынан чыгып жүргөн бул клуб өз тарыхында ушуну менен төртүнчү ирет чемпион аталды (буга чейин 1937, 1968, 2012-жылдары уткан).

2-орунду 38 оюнда 84 упай топтогон “Ливерпуль” ээледи. 3-орунду ээлеген “Челси” 82 упай топтосо, 79 упай менен “Арсенал” 4-орунду ээледи.

Бомбардирлер:

31 гол - Луис Суарес (“Ливерпуль”)

22 гол - Даниэль Старридж (“Ливерпуль”)

20 гол - Яя Туре (“Манчестер Сити”, 6 пенальти)

17 гол - Вилфрид Бони (“Суонси”, 4 пенальти)

17 - Серхио Агуэро (“Манчестер Сити”)

17 - Уэйн Руни (“Манчестер Юнайтед”)

Европада ойнотулуучу кубокторго төмөнкү командалар катышат:

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: “Манчестер Сити”, “Ливерпуль”, “Челси”, “Арсенал”.

УЕФАнын Евролигасы: “Эвертон”, “Тоттенхэм”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: