Чүй жана Талас облустарында электр энергиясына чектөө суткасына 2 сааттан ашпайт
Чүй жана Талас облустарында электр энергиясына чектөө суткасына 2 сааттан ашпайт. Бул тууралуу “КРнын Улуттук электр тармагы” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кристалл-Датка-1, 2 линиясын монтаждоо үчүн Таш-Көмүр ГЭСин оңдоо талап кылынат. Кубаттуулуктун жетишсиздигинен улам чектөө Чүй жана Талас облустарында 60 МВтка киргизилүүдө. Анын ичинде 50 МВт Чүй облусуна, 10 МВт Талас облусуна электр берүү убактылуу токтотулат. Ага ылайык, 9-11-январь күндөрү саат 9:30дан 16:30га чейинки аралыкта эки сааттан көп эмес электр берүү токтотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

