"Казань-2013" Универсиадасын уткан Нурбек Аканов баш болгон 3 спортчуга Жалал-Абаддан батир берилди
Сыргабек Максатбеков...
Сыргабек Максатбеков...
Жеңил атлетика боюнча ири жеңиштерге жетип жүргөн Гүлшанай Сатарова сыйлык алып жатат.
Сыйлык алууга Нурбек Акановдун байкеси жана машыктыруучусу Чыңгыз Аканов келди.
Жалал-Абад шаарында жергиликтүү 3 спортчуга шаар мэри Муктар Арапбаев жана шаардык кеңештин депутаттары батир белек кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2013-жылы эл аралык мелдештерде жеңиш менен кайтып келишкен спортчуларга сертификаттар берилди. Мындай демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоп беришкен. Батирге "Казань-2013" Универсиадасында алыш күрөшү боюнча чемпион болгон Нурбек Аканов, ислам өлкөлөрүнүн арасында өткөн 1,5 чакырым аралыкка чуркоодо 1-орунду жеңген Гүлшанай Сатарова жана Сербияда грек-рим күрөшү боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген Сыргабек Максатбеков ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-12-18
16:14
2025-12-18
15:21
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















