super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу старт алды

 
Мелдеш алыш күрөшүнүн 3 түрү (классикалык, эркин жана кыз-келиндер арасында) боюнча өтүүдө.
Ачылыш аземин белгилүү спорт баяндамачысы Кубан Атабеков алып барды.
180 балбан катышып жаткан мелдеш өлкө гимнинин обого жаңыруусу менен ачык деп жарыяланды.
Ачылыш салтанатында Алыш федерациясынын президенти, ЖКнын депутаты Малик Осмонов сөз сүйлөдү.

Бүгүн, 12-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшүнүн классикалык, эрин жана кыз-келиндер арасындагы түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу старт алды.

Уюштуруучулар SUPER.KG порталына билдиришкендей, мелдешке 10 салмак категориясы боюнча 180 балбан катышууда. Уландар арасында 6 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталса, кыз-келиндер арасында 4 салмакта өлкө чемпиондорунун ысымдары белгилүү болот. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбандар катышып жаткан мелдеш 13-майда жыйынтыкталат. Кармаштардын жыйынтыгында күз айларында өтүүчү Азия оюндарынын жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган курам бекитилет.   

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: