Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча өтүүчү парламенттик угуу 20-майга белгиленди
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча өтүүчү парламенттик угуу 20-майга белгиленди. Муну бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Тема: “Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине кириши: пайда жана зыяны”. Ага ЖКнын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эксперттер жана башкалар катышат.
Эскерте кетсек, парламенттик угуу 13-майга белгиленип, бирок депутаттардын аймактарда шайлоочулар менен жолугушуу учуруна туура келип калгандыктан, артка жылдырылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

