super.kg logo
  Саясат  

Депутат Садыр Жапаровду кол тийбестигинен ажыратып, жоопкерчиликке тартуу тууралуу башкы прокурордун сунуштамасы боюнча ЖКнын кабыл алган токтому

 

2012-жылдын 26-декабрында ЖКда депутат Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КРнын Башкы прокурору Аида Салянованын сунуштамасын кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен ЖКнын токтому кабыл алынган. Ал токтомдун мазмуну төмөндөгүдөй:  

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КРнын Башкы прокурору Аида Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Н.М.Мурашевдин маалыматын угуп, бул маселе боюнча көрсөтүлгөн комиссиянын корутундусун жана анын айрым мүчөлөрүнүн  өзгөчө пикирлерин карап чыгып жана талкуулап, КРнын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КРнын Башкы прокурору Аида Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын  төрагасы Нурбек Мурашевдин маалыматы эске алынсын. 

2. Комиссиянын корутундусунда баяндалган негиздер боюнча КРнын Башкы прокурору Аида Саляновага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Нургожоевич Жапаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.

3. Комиссиянын корутундусу, анын айрым мүчөлөрүнүн - КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Бекешевдин, Абдыманап Кутушевдин, Сайдулла Нышановдун өзгөчө пикирлери жана ушул токтом КРнын Жогорку Кеңешинин веб-сайтына жайгаштырылсын жана “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 

4. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Жапаровго карата жазык ишин козгоодо жана тергөө аракеттерин жүргүзүүдө комиссиянын корутундусунда баяндалган КРнын Конституциясынын, КРнын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин бузууларга жол берилбестигине КРнын Башкы прокурору Аида Салянованын көңүлү бурулсун.  Төрага Асылбек Жээнбеков






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: