Өкмөттө Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоору макулдашылды
Өкмөт Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоорун макулдашты. Маселе бүгүн, 12-майда жабык форматта талкууланды. Жыйынтыгында Кыргызстандын Орусия, Беларусь, Казакстан өлкөлөрүнүн катарында Бажы биримдигине кошулушу боюнча жол картасынын долбоору макулдашылды. Аталган документтин долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттеринин кароосуна жиберүү чечими да кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Экономика министри менен өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө аталган маселелер каралган комитет жыйындарына катышуу тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

