Кыргызстанда январь айында көмүрдүн баасы өзгөрбөйт
Кыргызстанда январь айында көмүрдүн баасы өзгөрбөй турганын Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 8-январына карата Баткен облусунда самаркандек көмүрүнүн 1 тоннасы 5-6 миң сом, сүлүктү көмүрүнүн тоннасы 8,5-9 миң сом болууда. Жалал-Абад облусунда көмүрдүн баасы 200-300 сомго арзандап, учурда 1 тоннасы 5,7-6 миң сом болсо, Бишкекте 3,1-3,7 миң, Токмок шаарында 3,1-3,5 миң, Таласта 4,2-4,9 миң, Нарында 3,5-3,7 миң, Ош облусунда 5,8-6 миң сом болуп жатканын билдирет аталган департамент.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

