Сауд Арабия өкмөтүнүн төрагасы падышалыктын Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты
Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында экономикалык форумга катышып жаткан КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сауд Арабиянын Мажилис Аш-Шурунун төрагасы, доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль
Аш-Шейх менен жолугушту. Бул тууралуу 12-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд арабия кызматташтыгынын өнүктүрүү тармагы талкууга алынды. Эрлан Абдылдаев өкмөттөр аралык кызматташууну активдештирип, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгилеп өттү. Сауд Арабиянын Мажилис Аш-Шурунун төрагасы Сауд Арабия падышалыгы Кыргызстан менен мындан ары иштешүүгө кызыкдар экенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

