super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Бажы биримдигине кирбесек, "Дордойдо" соода таптакыр болбой калат"

 

Бүгүн "Дордой" базарында соода болбой жатат. Эгерде Бажы биримдигине кирбесек, соода таптакыр болбой калат”,- дейт өлкөнүн экономика министри Темир Сариев. Муну бүгүн, 12-майда басма сөз жыйынында билдирди.

Айтымында, Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, экспорттук мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

"Дордой" базарындагы товарлардын 60 пайызы Орусия менен Казакстанга чыгып кетип турат. Ишкерлердин тигүү цехтеринен даярдалган товарлар сыртка экспорттолуп жатат. Эгер кирбесек, бул таптакыр токтолуп калышы ыктымал. Андай болсо биз башка базар табышыбыз керек. Ошол эле Түркия же дагы башка жактагы базарлар менен сүйлөшүшүбүз керек. Бизди Бажы биримдигине түртүп жаткан бирден-бир себеп да ушул болуп жатат”,- деди Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: