“Тажикстандын экономикасы "миграциялык экономика" деп эсептелет” деди тажикстандык саясатчы
Тажикстандын экономикасы “миграциялык экономика” же “акча которуулардын экономикасы” деп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкекте өз лекциясында тажикстандык саясатчы Парвиз Мулложанов билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылы Тажикстандын социалдык-экономикалык модели түзүлдү. “Тажикстанда бийлик өтө эле борборлоштурулган. Оппозициянын деңгээли начар. Жарандык коомдун өнүгүшү болбой жатат. Ошол эле учурда байлыктардын бардыгы майда элиталык топтордун колунда“,- деди саясатчы.
“Тажикстандын экономикасы эмгек мигранттарынын акча которууларынан көз каранды. Бул боюнча бул өлкө дүйнөдө биринчи орунда турат. Орусиядан которулган акча каражаттары бардык акча которуулардын 90 пайызын түзөт”,- деп кошумчалады Мулложанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

