Талас. Кара-Буура районунда 156 баш кой атайын суу топтоочу жайга түшүп кетти
2013-жылдын 6-январында Талас облусунун Кара-Буура районун Буденный айылында 156 баш кой суу топтоочу жайга түшүп кеткен. Кара-Буура райондук ӨКМнын бөлүм башчысы Азиз Ирсалиевдин берген маалыматына ылайык, аталган айылдагы 10 үй-бүлөнүн 250 баш майда мүйүздүү малдын ичинен көлмөгө түшкөн 156 башты айыл жашоочуларынын жардамы менен тирүүлөй суудан алып чыгышып, союлуп, эттери жергиликтүү калкка таркатылып берилди. Ал эми койлорду кайтарууга алган койчуга мал ээлери эч кандай доо коюшкан эмес. “Койлор эт катары сатылып кеткендиктен, бул кесепеттин чыгымы аныкталган жок”,- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

