super.kg logo
  Саясат  

“Кыргызстандан Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө товар экспорттоо азайып жатат” дейт Темир Сариев

 

Кыргызстандан Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө товар экспорттоо азайып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда экономика министри Темир Сариев журналисттерге билдирди.

Айтымында, 3 жыл катары менен сүт азыктарын, электр энергиясын, кийим жана пахта экспорттоо төмөн болду.

“2011-жылы экспорт 18,6 пайызга азайса, 2012-жылы 9,2 пайызга жогорулаганы менен, 2010-жылдагы деңгээлине жеткен жок. 2013-жылы да товар экспорттоо төмөн болду. 2013-жылы жалпысынан Кыргызстандын биримдикке кирген мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүсү 3,3 миллиард долларды түзгөн. Биздин өлкөнүн экономикасы тышкы шериктеш мамлекеттердин, биринчи кезекте Орусия жана Казакстандын соода шарттарынын начарлашынан абдан көз каранды”,- деди Темир Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: